• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

“Кыргызалтындын” башкармалыгы толук курамда отставкага кетти

2 Аяк оона 2022 15:39 Бишкек Govori.TV

“Кыргызалтын” ААКсынын башкармалыгы толук курамда отставкага кетти. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы ырастады.

Кызматтан “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов, ошондой эле өндүрүш жана геологиялык чалгындоо иштери боюнча төраганын орун басары Амантур Турсуниязов, экономика, финансы жана инвестиция боюнча төраганын орун басары Жеңиш Сейдалиев, уюштуруу иштери боюнча төраганын орун басары Данияр Конокбаев кетти.

«Кыргызалтындын» жаңы жетекчиси болуп 33 жаштагы Элдияр Калдарбеков дайындалды. Ал буга чейин «Кыргыз көмүр», «Кыргызалтын» ишканаларында иштеп кеткен.

Количество просмотров: 120