Исаков Нурлан Мамбетказиевич «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Ведомстводон билдиришкендей, Нурлан Исаков “Кыргызалтын” ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен дайындалып, эмгек жааматка тааныштырылды.
Эмгек жолун «Макмалалтын» комбинатында айдоочунун жардамчысы болуп баштаган. Көп жылдар бою «Макмалалтын» комбинатында ар кандай өндүрүштүк кызматтарда иштеген.