• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Кыргызалтындын” алтын куймаларын чыгаруучу цехи ишке кирди

30 Баш оона 202417:23 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, “Кыргызалтын” ААКнын өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруу цехин ишке киргизүү аземине катышты. Имараттын жалпы аянты 1500 чарчы метрден ашат. Өндүрүштүк кубаттуулугу — айына 14 000 даанага чейин куйма чыгаруу.

Кыргызстандын эгемендик тарыхында өлчөнгөн куймаларды чыгаруучу бул биринчи ишкана.

Мамлекет башчысы өндүрүш процесси менен таанышып, жаңы цех өлкөгө баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногунда өз позициясын бекемдөөгө, ошондой эле атамекендик өнөр жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Жапаров бул ишкананы ишке киргизүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүндө, жаңы жумуш орундарын түзүүдө маанилүү кадам болорун баса белгилеп, 5-сентябрга чейин өлчөнгөн алтын куймаларын сатып алууну каалагандарга сатууну камсыз кылууну тапшырды.

Количество просмотров: 105