• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызгидромет аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү таратты

20 Жетинин айы 2019 13:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кээ бир райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 20-21-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-27-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

21-23-ноябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 23-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 21-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-ноябрда жана 25-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 25-ноябрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 26-27-ноябрь күндөрү кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Количество просмотров: 2415