Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму өтүп, анда 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында “Кыргызиндустрия” ААКтын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудити боюнча отчет каралды.
Мекеме тараткан маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун жана анын туунду ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча бир катар дал келбестиктер жана каржылык тартип бузуулары аныкталган.
Каржылык бузуулар — 19 042,0 миң сомду түзгөн, анын ичинде:
Мындан тышкары, аудит коом тарабынан жүргүзүлгөн сатып алууларда, мүлктү ижарага берүүдө жана уставдык капитал менен иштөөгө байланыштуу бир катар процедуралык бузууларды да аныктаган. Ошондой эле аткаруучу ишканаларга негизсиз аванстык төлөмдөрдүн берилиши, каражаттардын натыйжасыз пайдаланылышы жана дебитордук-кредитордук карыздардын көбөйүшү белгиленген.
Кошумчалангандай, аудиттин жыйынтыктары Улуттук коопсуздук комитетине жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилет.