Социалдык тармактарда, Орусия Федерациясынын жараны Обыденова А.Е. кыргыз оймо-чиймелерин мыйзамсыз патенттеп алып, жана кыргыз оюм-чийимдерин колдонууга тыюу салып жатканы тууралуу айтылууда.
Бул талаш суроону текшериш үчүн Кыргызпатент интеллектуалдык менчик объектилеринин тиешелүү реестрлеринен: Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестринен; Орусия Федерациясынын Роспатентинин тиешелүү ачык маалымат булактарынан карап көрдү.
Орусия Федерациясында да, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлеринде да, А.Е.Обыденовага жана «YAKA» жоопкерчилиги чектелген коомуна кыргыз орнаменттери интеллектуалдык менчик объектилери катары катталбагандыгын расмий билдирет.
«Интеллектуалдык менчик обьект катары товардык белгилер, ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, ошондой эле илим, адабият жана искусство чыгармалары эсептелет. Демек, Кыргыз Республикасынын аймагында Анна Обыденова айым интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө эч кандай өзгөчө укуктарга, анын ичинде ар кандай дизайн объектилерин, оймо-чиймелерди, жасалгаларды – өнөр жай үлгүлөрүн пайдаланууга тыюу салуу укугуна ээ эмес», — деп айтылат мааламатта.
Маалыматта, Орусия Федерациясында «YAKA» жоопкерчилиги чектелген коому YAKA товардык белгиси катары кара тик бурчтуктун фонунда ак тамгаларды каттаткан. Бул товардык белги маданий мурастарга тиешелүү эч кандай оймо-чиймелерди же декоративдик элементтерди камтыбайт.
«Ошол эле учурда YAKA товардык белгиси Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоону алган эмес. Орусия Федерациясынын аймагында да Обыденова айымга өнөр жай үлгүсү катары патент берүү боюнча расмий маалымат жок. Демек, Орусия Федерациясынын жараны Обыденова А.Е. же «YAKA» жоопкерчилиги чектелген коому анын товарларындагы оймо-чиймелерди үчүнчү жактарга чыгарууга тыюу салууга укугу жок», — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн кийимдерди саткан орусиялык YAKA бренди өз өнүмүнүн “стилистикалык өзгөчөлүгүн” көчүрүп алганга тыюу салып, бул үчүн атайын патент алганын көрсөткөн. Мындай үлгүдөгү кийим-кече базарга чыккан учурда сотко кайрыла турганын билдирген. Кыргызстандык блогерлер муну “маданий баскынчылык” катары сыпатташкан.