• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандын жарандарына Америкага кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн: ТИМ АКШ консулун чакырды

15 Кулжа 202522:28 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлик Кыргызстандын жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөөлөр киргизилиши мүмкүн деген маалыматка комментарий берди. Тышкы иштер министрлиги 15-июнда жарыяланган билдирүүсүндө, учурда америкалык тараптан расмий билдирүүлөр келе электиги белгиленген.

«Учурда Америка Кошмо Штаттары коопсуздукту камсыздоого жана чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүн жөнгө салууга багытталган миграциялык мыйзамдарды кароону улантууда. Учурда Америка тараптан Кыргыз Республикасынын жарандарына кандайдыр бир чектөөлөр киргизилгени тууралуу расмий маалымат келе элек», — деп билдирет министрлик.

Тышкы иштер министрлиги ошондой эле The Washington Post гезитинде айтылгандай, жарандарынын кирүүсүнө чектөө коюлушу мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесин түзүү критерийлерине байланыштуу түшүнбөстүгүн билдирди.

«Ушуга байланыштуу, АКШ элчилигинин консулу аталган маселелер боюнча расмий түшүндүрмө берүү үчүн КР Тышкы иштер министрлигине чакырылат», — деп баса белгиледи ведомство.

Буга чейин The Washington Post гезити АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы 36 өлкөнү виза жана кирүүгө чектөө киргизилген өлкөлөрдүн тизмесине кошууну карап жатканын, анын ичинде Кыргызстан да бар экенин жазган.

Количество просмотров: 155