Жалал-Абад облусу боюнча «Кыргызпочтасы» ААКнын байланыш бөлүмүнүн жетекчиси акча каражаттарын системалуу түрдө кымырып алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргызпочтасы» ААКсынын кызматкерлери тарабынан алыскы райондордун тургундарына пенсия, жөлөкпул жана эмгек акыларын төлөөгө арналган акча каражаттарын ыйгарып алуу жана коротуу фактылары аныкталды.
«Кыргыз почтасы» ААКнын Таштак байланыш бөлүмүнүн башчысы Э.Э.К. Сузак районунун тургуну И.С.Б. менен тил табышып, ишенип берилген 10 миллион 700 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алып, короткону аныкталган.
17-сентябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен Кылмыш-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Э.Э.К. жана И.С.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.