• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан 10 миң электромобилди ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

23 Бештин айы 202216:47 Бишкек Govori.TV

2023-жылы Кыргызстан 10 миң электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирген.

“Электромобилдерди ташып келүүгө карата тарифтик жеңилдик белгиленди. Натыйжада Кыргызстан 2022-жылы 5 миң, 2023-жылы 10 миң даана электромобилди үчүнчү өлкөлөрдөн алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду”, — дейт ал.

Касымалиев мындар сырткары, Кыргызстандын ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуусунун алдын ала жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берди.

Количество просмотров: 1172