• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кыргызстан 110 медициналык транспорт сатып алууну пландап жатат

27 Кулжа 202216:29 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Евразия өнүктүрүү банкы берген 3 млн. доллар грантка 70 санитардык автотранспорт, 40 реанимобиль сатып алууну пландап жатат.

Тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин 27-июндагы жыйынында ратификациядан өттү. Отурумда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат берди.

“Гранттын 1 млн. долларына 70 санитардык автотранспорт алынат. Анын ар бирине орто эсеп менен 14 285 доллардан каралган. Алар тоолуу райондорго берилсе жакшы болмок. Анткени региондордогу техникалар эскирип, абалы начарлап атат. Калган 2 млн. долларга 40 реанимобиль алабыз. Анын ар бири 50 миң доллардан болот”.

Жаркынбек Касымбековдун сөзү боюнча, Бишкекте 500-600 миң адам жашаган учурда аларды 60 бригада тейлеп турган. Ушул тапта борбордо миллиондон көп киши бар. Бирок 45-50 гана бригада иштейт.

3 млн. доллар грантты Евразия өнүктүрүү банкы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду аркылуу берет.

Количество просмотров: 88