Дүйнөлүк банк бөлгөн каражатка COVID-19га каршы кытай вакцинасы сатылып алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионунун” түз эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк банк коронавирус инфекциясына каршы вакцина алууга 20 млн доллар бөлөт.
“Кечээ донорлор жана Дүйнөлүк банк менен онлайн-конференция өткөрдүк, анын аягында келишимге кол коюлду. Дүйнөлүк банк бизге коронавирус инфекциясына каршы вакцина алууга 20 млн доллар бөлөт. Биз өзүбүз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган вакциналардын бирөөнү тандайбыз. Анда Россиянын “Спутник V” вакцинасы жок, бирок тизмеде Кытайдын “Синофарм” вакцинасы бар, биз ошону сатып алабыз”,-деп билдирген министр.