Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравиясы Падышалыгынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар Мамлекети, Кувейт Мамлекети, Оман Султанаты жана Бахрейн Падышалыгынын жарандары үчүн визасыз режим киргизилгенин маалымдайт. Жаңы тартип 2025-жылдын 4-январынан тартып күчүнө кирет.
Бул өлкөлөрдүн туристтик максатта келген жарандары Кыргызстанда визасыз 360 күндүн ичинде 180 күнгө чейин жүрө алышат.
Ошондой эле, эмгек ишмердүүлүгү же билим алуу сыяктуу башка максаттар менен келген жарандар үчүн виза алуу талабы күчүндө калат.
Бул чаралар туристтик агымды көбөйтүүгө жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган.