• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстан басма сөз эркиндигинин индексинде 50 тепкичке төмөндөдү

3 Бугу 2023 13:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча өлкөлөрдүн жаңы рейтингинде 50 позицияга төмөндөп, 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга ээ болду. Рейтингди бүгүн, 3-майда Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүндө Чек арасыз кабарчылар (RSF) эл аралык уюму жарыялады.

Авторлор белгилегендей, кыргыз өкмөтү мурдагыдай эле бардык салттуу маалымат каражаттарын көзөмөлдөп, өз таасирин жеке маалымат каражаттарына жайылтууга аракет кылууда.

Жалпысынан рейтингге кирген 180 өлкөнүн 31инде басма сөз эркиндигинин абалы “өтө оор”. 42 өлкөдө абал «оор», 55инде — «көйгөйлүү», 52де — «жакшы» же «канааттандырарлык». Башкача айтканда, дүйнөдөгү он өлкөнүн үчөөндө гана журналисттердин иштөөсү үчүн канааттандырарлык шарттар түзүлгөн.

Количество просмотров: 43