• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстан Борбор Азиядагы энергетикалык шакекчеден чыгып, өз алдынча жарык бере баштады

25 Үчтүн айы 2022 15:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, аймактарга өз алдынча жарык бере баштады. Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы өлкөнүн жер жерлеринде электр жарыгы бериле баштаганын билдирди.

25-январда түшкө маал Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн, «Кыргызстан Энергошакекчеден чыгып, өз алдынча жарыкты калыбына келтире» турганын билдирди.

Казакстан менен Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.

Кыргызстан Токтогулдагы суунун аздыгынан оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып жатат. Электр жарыгын Түркмөнстандан да импорттой баштаган.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калган. Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.

Количество просмотров: 431