• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстан боюнча бир тонна көмүрдүн баасы 3500 сомдон 10 000 сомго чейин болууда

11 Тогуздун айы 202411:37 Бишкек Govori.TV

Энергетика министрлиги 2024 — 2025 — жылдагы күз, кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыз кылуу максатында республика боюнча  көмүр отун базалары ачылганын билдирди.

Министрликтин билдиргенине караганда, Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн оперативдүү маалыматтары боюнча, Кыргызстанда 477 көмүр сатуу пункттары бар.

Министрлер кабинетинин күз, кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын ЖЭБине 750,0 миң тонна көмүр, анын ичинен “Тегене” Таш-Көмүр кенинен 50,0 миң тонна, “Кыргызкөмүр” МИ боюнча 520,0 миң тонна көмүр, Миң-Куш көмүр кенинин “Агулак” тилкесинен 180,0 миң тонна көмүр жеткирүү көрсөтүлгөн. 

Түштүк аймактарда 8 отун базасын ачуу пландалууда. Атап айтканда, Ош облусунун аймагында 5: Ноокат районунда 1, Кара – Кулжа районунда 1, Араван районунда 1, Алай районунда 1, Өзгөн районунда 1; Баткен облусунун аймагында 3: Лейлек районунда 1, Кызыл-Кыя шаарында 1, Баткен районунда 1 отун базасы бар. 

Жумгал районуна караштуу бардык айылдарда көмүрдүн 1 тоннасы  3015 сомго чейин бекитилген.
Ал эми “Балыкчы” көмүр базасында көмүрдүн бир тоннасы 4322 сомдон сатылууда.

Кыргызстандын облустары боюнча 1 тонна көмүргө болгон болжолдуу баа мындай:
Ысык-Көлдө 4322-9500 сом
Нарында 3500-5800 сом
Чүйдө 5000-6600 сомдон
Таласта 6300-8900 сомдон
Бишкекте 5200-6300 сомдон
Ошто 5000-9000 сомдон
Баткенде 5000-10000 сомдон
Жалал-Абадда 4000-7000 сомдон
 Ош шаарында 6500-7000 сомго чейин сатылууда.
 

Количество просмотров: 493