• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алат

7 Бирдин айы 2022 14:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алат. Картөшкө менен 123%, сүт менен 132% жана жашылча.

Бул тууралуу 7-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков айтты. Анын сөзүнө караганда, социалдык маанилүү башка азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолот.

“Өлкөгө азыктык буудай 45%, кумшекер 50% жетпей калды. Биз өзүбүз 20% жетпеген гана көлөмдө өсүмдүк майын, 55% жумуртканы өндүрөбүз. 2024-жылдары биз кумшекер жана азыктык буудай менен камсыздайбыз”, — деди Жаныбеков.

Кыргызстан ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Өзбекстандан алат.

Былтыр Кыргызстанда сугат суунун тартыштыгы жана аптаптуу ысыктан улам буудайдын дүң жыйымы 41,4%, арпанын түшүмү 58% кыскарган. Буга байланыштуу буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40% кымбаттаган.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу үчүн буудайды сыртка экспорттоого тыюу салып, өлкөгө буудай жана ун ташып кирүүгө кошумча нарк салыгын убактылуу алган.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 2022-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Количество просмотров: 201