• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

«Кыргызстан ЕХРО — 2023» көргөзмөсү өтөт

13 Аяк оона 202312:04 Бишкек Govori.TV

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 27нен 29-октябрга чейинки аралыкта эл аралык универсалдуу «Кыргызстан ЕХРО — 2023» көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аянтча саат 09:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.

Көргөзмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

жеңил өнөр жай товарлары;
айыл чарба азыктары;
бал, балдан жасалган азыктар;
айыл чарба техникалары;
минералдык жер семирткичтер;
ошондой эле энергетика, транспорт, логистика, каржы жана камсыздоо, туризм жана башка товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр сунушталат.
Көргөзмөнүн жыйынтыгында катышуучулардын бардыгы сыйланат.

Количество просмотров: 65