• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан Европа биримдигинен акчалай жардам сурады

20 Тогуздун айы 2020 10:13 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда болгон сүйлөшүүдө, Казакбаев менен Буриан Кыргызстандагы акыркы саясий абал тууралуу талкуулашты. Казакбаев өлкөдө бардык процесстер саясий нукка түшкөнүн, Кыргызстандын бардык органдары легитимдүү болгонун жана бардык бардык ведомстволор штаттык режимде иштеп жатканын белгилеген.

Сүйлөшүүнүн алкагында Казакбаев Кыргызстандын бюджетин колдоого каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнгөн. Ошондой эле каржылык макулдашуулар долбоорлору боюнча кыргыз жана европа тараптын жолугушуусун уюуштурууну сунуштаган.

Количество просмотров: 98