• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Кыргызстан» фракциясы Эмгек жана өнүгүү министрлигине кимди сунуштайт?

11 Тогуздун айы 2018 14:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.10.2018. Govori.TV
Өлкөнүн эң начар министрлиги деп атоого жеткизген, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан кетти. Бул мекемеде канча күндөн бери чыр жаралып, мыйзамсыз иштери далилденсе да ордун бошоткусу келбеген Исакунова кызматтан кетүү арызын жазууга аргасыз болду.
Аталган министрликтин жетекчилери мыйзамга каршы келген жооруктары үчүн кызматынан четтетилип эле тим болобу же дагы атайын чара көрөлүп, мамлекетке зыян келтирген чыгымдары төлөнөбү азырынча белгисиз.
Балким, жетекчилер кызматынан кетип туруп, ак экенин далилдейт чыгар.
А бирок, болор иш болду, эми бул мекеменин келечеги кандай болоору маанилүү. Коррупция иштери тамырлап, ал эми элге эң байкуш болуп көрүнгөн бул министрликти мындан ары жакшыртуу үчүн мекеменин жетекчилик кызматына “Кыргызстан” партиясы кимди көрсөтөөрү азырынча белгисиз.
А бирок, аталган фракция мүчөлөрүнөн  бул мекемеге жетекчи сунуш кылаарын билдирди.
Количество просмотров: 49