• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын министрлери «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун ишке ашырууга кол коюшту

7 Үчтүн айы 2023 10:52 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 6-январда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруунун жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен талкуу өткөрүштү. Тактап айтканда, үч өлкөгө тең калыс жана пайдалуу болушуна басым жасалган. ГЭСти ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат.

«Камбар-Ата-1» ГЭСти куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби биздин өлкө электр энергиясын импорттоочуга эмес, экспорттоочуга айланышы керек. Эгерде коңшу өлкөлөр менен биргеликте «Камбар-Ата-1″ ГЭСин куруп алсак, биздин мамлекетте электр кубатына болгон тартыштык бир топ жоюлат. ГЭСти курууга камылга көрүлүп, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 мегаватт», — деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Ал эми Өзбекстан менен Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой турганын билдиришти

Количество просмотров: 231