Энергетика министрлиги Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматовдун Камбар-Ата-1 ГЭСи сейсмологиялык жактан кооптуу аймакка курулуп жатканы тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Министрлик тараткан маалыматта анда аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин алкагында консультант болгон «ЭЙФРИ Швейцария Лтд» компаниясы бул багытта ар тараптан талдоо жүргүзүп, баяндама даярдаганы айтылат. Анда жалпысынан коопсуз деген корутунду чыгарылганы белгиленген. Ошондой эле Улуттук илимдер академиясынын адистери чакырууга карабастан талкууларга катышпаганы жазылат.
9-сентябрда Канат Абдрахматов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору тийиштүү сейсмикалык изилдөөлөрдөн өтпөй калганын айтып чыккан жана анын кесепети оор болушу ыктымалдыгын эскерткен.