• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ак-Талаада чакан ГЭС жана суу сактагычтар курулат

25 Кулжа 202612:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Ак-Талаа районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты.

Мамлекет башчысына Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Камчыбеков маалымат берди.

Маалымдалгандай, район аймагында кубаттуулугу 1 МВт болгон, наркы 105 млн сомдук Тогуз-Булак чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоору ишке ашырылууда.

Иригациялык долбоорлор ири инфраструктуралык демилгелердин арасында өзгөчө орунду ээлейт. Тактап айтканда, баасы 1 млрд сомдук 3352 гектар сугат жерин камтыган Терек-Сай он күндүк жөнгө салуучу бассейнин, баасы 4 млрд сомдук 10 280 гектар айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылуучу Жаман-Даван суу сактагычын, ошондой эле 850 млн сомго бааланып, 4987 гектарды камтыган Курка он күндүк жөнгө салуучу бассейнин куруу каралган.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу Нарын облусунун жалпы азык-түлүк коопсуздугуна оң таасирин тийгизет.

Количество просмотров: 22