• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Кыргызстан Казакстандан 20 жаранын эвакуациялады

7 Үчтүн айы 2022 10:31 Бишкек Govori.TV

6-январда КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет өлкөдөгү жарандарга укуктук-консулдук жардам көрсөтүүнүн алкагында учурда Казакстан Республикасынын аймагынан кайтып жатышкан Кыргызстандын жарандарын эвакуациялап келүү боюнча иш уюштурулду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, атайын уюштурулган транспортто КРнын 20 жараны, алардын ичинде аялдар, балдар, ошондой эле Россиянын 20 жараны, Тажикистандын бир жана Өзбекстандын бир жараны Кыргызстанга кайтып келишти.

Казакстан Республикасында болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Казакстандагы Элчилиги жана Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу менен биргеликте, Казакстандагы окуяларды үзгүлтүксүз байкоодо жана кыргыз диаспоралык уюмдар менен тыгыз байланышууда, ошондой эле көзөмөлдөөчү-өткөрмө пункту аркылуу Кыргызстандын жарандарын мекенине алып келүү иши улантылат.

Кыргызстандын Казакстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин алдын ала маалыматына ылайык, массалык тартипсиздиктерге, чыр-чатакка катышкандардын арасында, ошондой эле жабыр тарткандардын арасында КРнын жарандары катталган эмес.

Министрлик Казакстандын аймагында жүргөн мекендештерибизди өлкөдө туруунун мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактап, чагымчылдыкка алдырбай, кандайдыр бир чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбай, жашаган жеринен алыс чыкпоого дагы бир ирет чакырып кетет.

Количество просмотров: 90