• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

4 Чын куран 202414:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуудан кийин казак бийлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөткөнүн белгиледи.

Эске салсак, 28-мартта жаратылыш кырсыгына байланыштуу Костанай облусунун үч районуна, 29-мартта Абай облусундагы Аксаут районуна, Актөбө облусуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Кийинчерээк мындай кырдаал Кылшакты дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу Көкшөтоодо да кабыл алынган.

Количество просмотров: 99