• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казакстанга Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жардам жетти. Ал төрт облуска бөлүнгөн

9 Чын куран 2024 12:43 Бишкек Govori.TV

Суу ташкынынан жабыркаган коңшу Казакстанга Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жардам жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Күн мурун, 8-апрелде саат 22:15те келген кербенди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алып, кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык катын тапшырышты.

Алар ошондой эле бир тууган кыргыз эли жардамга алгачкылардан кол сунганын билдирип, эки элдин бир туугандыгы, ынтымагы далилделери, мындан ары да коңшулаш мамиле бекемдерин билдиришкен.

«Жардам кербени» Казакстандын төрт облусуна бөлүндү — Жамбул, Түркестан, Кызылорда жана Актөбө.

Белгилей кетсек, Костанай облусуна 3, Актөбө облусуна 4, Орал (Уральск) облусуна 4, Атырау облусуна 4 жардам унаалары багыт алды.

Ал эми 8-апрелде Костанай облусуна жөнөтүлгөн жардам кербени түнкү саат 01:30да жеткен. Учурда Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана ИИМдин жол коопсуздук өкүлдөрү коштоп жүрүүдө.

Количество просмотров: 81