• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ооганстандык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

15 Тогуздун айы 202411:27 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт жетектеген гуманитардык топ, Ооганстандын Бадахшан провинциясына этникалык кыргыздарга жана жергиликтүү тургундарга медициналык жана ветеринардык дары-дармектерди жеткирди. Бул тууралуу аталган минстрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын топ президенттин тапшырмасын ишке ашыруунун жана Кичи жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү программасын аткаруунун алкагында барган. Министрдин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Бадахшан провинциясынын губернатору Мавлави Мохаммад Аюб Халид менен этникалык кыргыздардын жашоо шарттарын, ошондой эле Бадахшан провинциясынын бийликтеринин этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү боюнча көрүлүп жаткан чараларын жана алдыдагы пландарын талкуулады.

Бул иштин алкагында дарыгерлер тобу (кардиологдор, тиш доктурлар, акушер-гинеколог) 755 жаранга, анын ичинде 195 аялга жана 180 балага медициналык жардам көрсөтүштү. Ошондой эле адистер жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоо жана бодо жана майда малга ветеринардык дары-дармектерди туура колдонуу боюнча окутууларды өткөрүштү.

Количество просмотров: 117