• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардам жөнөттү

15 Чын куран 2024 9:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Казакстандын суу каптоодон жабыркаган алыскы облустарына “Жардам кербенинин экинчи партиясын жөнөттү.

ӨКМден билдиришкендей, жети оор жүк ташуучу унаадан турган кербенди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары коштоп барат.

150 тонна гуманитардык жардамда Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктары – май, айран, быштак, өсүмдүк майы, кургак сүт, каймак, сыр бар.

«Экинчи жардам кербенине Кыргыз Республикасынын президентинин резервдик фондунан каражат бөлүнүп, кыргыз эли да салым кошту», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, биринчи “Жардам кербенин” өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 6-апрелде 15 оор жүк ташуучу унаадан турган 300 тонна жардамды узаткан.

Гуманитардык жардам 4 облуска жеткирилген.

Количество просмотров: 56