• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстан Кувейт менен аба каттамдарын жандандырды

10 Аяк оона 2020 12:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Кувейт мамлекети менен аба каттамдарын жандандырды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.

Жарандык авиация агенттиги билдиргендей бүгүн, 10-сентябрдан тарта Кувейттин «Jazeera Airways» авиакомпаниясы «Бишкек — Эль-Кувейт» багыты боюнча каттай баштады.

Аталган багыт боюнча каттам жумасына бир жолу — бейшемби күндөрү жүргүзүлүп турат.

8-июндан тартып ички каттамдар жанданып, Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багытында учак учуп жатат.

Количество просмотров: 50