Кыргызстан Кытайга коронавирустун жайылышына каршы аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн салмагы болжол менен 7 тоннаны түзгөн гуманитардык жардам жөнөттү.
Гуманитардык жардамды белгиленген жерге, тактап айтканда «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктуна чейин жеткирилип, ал жерден 19-февралда тапшырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жүк Кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалган (антисептикалык жана зыянсыздандыруучу каражаттар, жеке коргоочу медициналык каражаттар).
Медициналык каражаттардын тизмеси
№ | Аталышы | Салмагы, кг | Саны (даана) |
1 | 3 катмардуу медициналык бет каптар | 400 | 297215 |
2 | Медициналык халаттар | 200 | 9000 |
3 | Респиратордук бет каптар | 100 | 700 |
Дары-дармектер, медицианалык каражаттар
№ | Аталышы | Саны (даана) |
1 | «Beauty Септ» антисептикалык каражаты (60 мл) | 30000 |
2 | «Beauty Септ» антисептикалык каражаты (100 мл) | 30000 |
3 | Медициналык бет каптар | 200000 |
4 | Респиратордук бет каптар | 60000 |