• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда кош салык салуу жоюлду

22 Жетинин айы 202414:51 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 24-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген Макулдашуунун негизги милдеттери болуп бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте дискриминациялык салык салуудан коргоо, салык салуулардан качууга же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, Макулдашуунун жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу саналат.

Макулдашуу эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп санала турганын белгилейбиз жана салык мыйзамдары жаатында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы мамилелерде бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Макулдашуу кош салык салууну болтурбоо жана бир гана өлкөдө салык салуу боюнча кепилдиктерди берүү жолу менен чет өлкөлүк компанияларга биздин өлкөнүн экономикасынын ар кандай тармактарына инвестициялоо үчүн шарттарды түзөт.

Количество просмотров: 171