• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыргызстан менен Ирандын президенттери жолугушту

19 Аяк оона 2023 10:26 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эки өлкөнүн жакшы мүмкүнчүлүктөрү жана жогорку потенциалы бар экендигин белгиледи.

Товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү жөнүндө айтып жатып, Сейед Эбрахим Раиси анын деңгээлинин төмөндүгүн белгилеп, буга байланыштуу аны көбөйтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоону сунуштады. Бул контекстте ал эки тараптуу биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантууга жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кыргыз-иран кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын билдирди.

Мамлекет башчысы Иран президентинин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу демилгесин колдоп, инвестициялык өз ара аракеттенүүгө да өзгөчө маани берди.

Бул контекстте Садыр Жапаров логистика маселесин чечүү зарылдыгын белгилеп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул долбоор соода-экономикалык жактан жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Мындан тышкары, президент кыргыз-иран өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү ролун белгилеп, Комиссиянын кезектеги жыйынын ушул жылдын аягына чейин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров Иран президентин Шанхай кызматташтык уюмунун толук укуктуу мүчөсү макамын алышы менен куттуктап, Ирандын уюмга мүчө бардык мамлекеттер менен активдүү кызматташуусун канааттануу менен белгиледи.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мамлекет башчылары бири-бирин ыңгайлуу учурда Кыргызстан жана Иранга иш сапарлары менен келүүгө чакырышты.

Количество просмотров: 105