• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү 

4 Бугу 2020 12:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу өз ара кызматташуунун келечектүү маселелерин, көп тараптуу уюмдар менен бирикмелердин алкагында кызматташууну талкуулашып, ошондой эле жакынкы келечекке болгон пландарды белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен чараларды өткөрүү маселеси тууралуу пикир алмашышты.

Количество просмотров: 228