Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттам эки жылдан кийин жанданды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда.
«2022-жылдын 2-июлунда «Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарат. Учуунун убактысы 2 саат»,-деп айтылат маалыматта.