• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы авиарейстердин саны өсөт

4 Бирдин айы 2021 9:41 Бишкек Govori.TV

8-февралдан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиарейстердин саны өсөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россия тарабы менен жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан эки өлкөнүн ортосундагы түз үзгүлтүксүз авиа байланыштын санын жумасына 6 каттамга чейин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ошентип, 2021-жылдын 8-февралынан тартып, Кыргыз Республикасынын жарандары Бишкек шаарынан Москва шаарына «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын 3 үзгүлтүксүз каттамы жана «Аэрофлот- Российские Авиалинии» авиакомпаниясынын 3 үзгүлтүксүз авиа каттамдары менен уча алышат.

«Үзгүлтүксүз авиарейстердин көбөйүшү коронавирустун жаңы штаммын Кыргыз Республикасына алып кирүүгө жол бербөө максатында алдын ала көрүлгөн чаралардан улам Кыргыз Республикасында коронавирус илдетине чалдыккандардын санынын олуттуу түрдө төмөндөшү менен жалпы эпидемиологиялык кырдаалдын турукташынан улам ишке ашып жаткандыгын белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 245