11-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ички транспорт боюнча комитетинин 87-жыйынынын алкагында Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадыр Уралоглу менен жолугушту.
Тараптар транспорт тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Анда эки өлкөнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик ташуулар Келишимине киргизилген өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгү белгиленди.
Абсаттар Сыргабаев эки өлкөнүн транспорт министрликтеринин Биргелешкен комиссиясынын жыйыны 2025-жылы Кыргыз Республикасында өтөрүн белгилеп, кесиптеши Абдулкадыр Уралоглуну Кыргызстанга чакырды.
Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри чакырууну кабыл алып, кыргыз жана түрк элдери боордош экенин жана эки өлкөнүн Транспорт министрликтеринин кызматташуусун мындан ары дагы өркүндөтүү керектигин билдирди.