• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери жолугушту

23 Аяк оона 2021 13:00 Бишкек Govori.TV

22-сентябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Түркиянын тышкы иштер министри М.Чавушоглу менен «Түрк үйүнүн» жаңы имаратында жолугушту.

КРнын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги маселелердин бардык спектрин талкуулашты. Ошондой эле жакынкы, орто жана узак мөөнөттүү эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

Тараптар Түркиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын абалы боюнча маселени дагы талкуулашты.

Андан тышкары БУУнун органдарына, анын ичинде 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин өз ара колдоо жана андан ары илгерилетүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Ооганстандагы кырдаал боюнча да пикир алмашышты. Бул контекстте Ооганстан боюнча өтө турган Түрк кеңешинин Министрлер кеңешинин күн тартиби талкууланды.

Түркиянын тышкы иштер министри М.Чавушоглу түрк тараптын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө активдүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө терең кызыгуусун ырастады.

Количество просмотров: 94