Кечээ Нью-Йоркто КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Таиланд королдугунун Тышкы иштер министри Марит Сангиампхонг менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги өзү билдирди.
Эки өлкөнүн министрлери өлкөлөрдүн алыс экенине карабай, пайдалуу кызматташуу тууралуу сүйлөштү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан менен Таиланддын ортосунда дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорт ээси болгон жарандар үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууга кол коюлду.