• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери жолугушту

29 Чын куран 2021 22:21 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен өкмөт башчы Улукбек Марипов жолугушту. Бул тууралуу Марипов фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаал талкууланган.

Анда ал республиканын чек арасындагы конфликттик абалды сүйлөшүү жолу аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даяр экендигин билдирген.

«Чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши тийиштигин жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында  ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирлерибизди билдирдик»,-деп жазган ал.

Количество просмотров: 816