Бүгүн, 8-майда саат 18:30да Баткен облусунун Көк-Таш айылында болгон окуяга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланып, чырды жөнгө салуу багытталган биргелешкен иш-аракеттерди координациялоо керектиги айтылган.
«Министрлер чек ара аймагындагы чыңалууну жоготуу жана кырдаалдын курчубашы үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү деген пикирге келишти. Тараптар абалды турукташтыруу үчүн түз байланышты болууну макулдашты», — деп айтылат маалыматта.