• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен аймакта жер титирөө катталды

14 Жалган куран 202413:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен жеринде жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-март күнү саат 10:49да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3,4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Араван районунун Мангыт, Кочубаев жана Кызыл-Коргон айылдарында 2,5 баллга (Ош шаарынан 47 чакырым батышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 273