• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстан — Мьянма курамаларынын беттеши башталды

11 Кулжа 2021 13:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июнда Япониянын Осака шаарында Кыргызстан — Мьянма курамаларынын беттеши башталды. «Ак шумкарлар» Мьянма курамасына каршы ак түстөгү форма менен ойноп жатат.

Оюн Бишкектин убактысы менен саат 13:00дө башталды. Анда оюнчулар Тамирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу буга чейинки оюндарда алган эскертүү сары кагаздарынан улам Мьянмага каршы оюнга чыкпайт.

Ал эми дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев, Валерий Кичин жана Авазбек Откеев дагы оюн талаасына чыкпай калышы мүмкүн. Монголиянын командасына каршы оюнда аталган спортчулар коронавируска шектелип, беттешке катышкан эмес.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Монголиянын командасына 0:1 эсебинде утулган.

Количество просмотров: 278