• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Кыргызстан» партиясы жеңишти көздөй кадам таштады

4 Аяк оона 2020 22:15 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстан» партиясы 4-сентябрь күнү үгүт ѳнѳктүгүнүн ачылыш аземин өткөрдү.

Иш-чара партиянын Бишкектеги штабында өтүп, ага партия лидерлери, шайлоого аттанган талапкерлер, партиянын тарапташтары жана жаштар канатынын мүчөлөрү катышты.

Биринчилерден болуп сөз алган партиянын лидери Канатбек Исаев партиянын парламентке баруудагы максатын Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, келечек муундардын жашоо деңгээлин жакшыртуу деп түшүндүрдү.

Исаев Канат

Ошондой эле партия лидери коомчулукка партиянын платформасын тааныштырып жатып, бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелердин санын кыскартууга барарын, бирок кыскартуу менен билимдүү жана  тажрыйбалуу адистердин эмгек акысын көтөрөрүн айтты. Андан сырткары, ал миграция, билим берүү, айыл чарба, өрдүрүш жана тоо кен тармагына өзгөчө маани берилерин баса белгиледи.

Андан соң партиянын төрагасы жана негиздөөчүсү символикалык түрдө үгүт өнөктүгүнүн расмий ачылыш кнопкасын басылып, асманга салюттар атылды.

Канатбек Исаев партия ийгиликке жеткен соң, кыска убакыт ичинде өлкөдөгү бир топ көйгөйлөр чечилерин айтты.

“Биздин партиянын катарындагы адамдар өндүрүш жана өнөр жайга көңүл буруп, элге 10 миңдеген жумуш орундарын түзгөн адамдар. Биз алып сатууга эмес, өндүрүш менен өнөр жайга басым жасайбыз. “Кыргызстан” партиясы куру убадалар менен эмес, иштер менен көрүнгөн партия”, ­– деди Канатбек Исаев.

Иш-чаранын соңунда коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов ѳзүнүн батасын берип, алдыдагы шайлоодо “Кыргызстан” партиясына жеңиш каалады. Андан соң “Кыргызстан” саясий партиясынын гимни жаңырды.

Маалымат, “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разактын тескөөсү менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)
Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а

Количество просмотров: 520