• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстан Сириядагы жарандарынын алгачкы тобун учак менен алып келет

10 Жалган куран 2021 13:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан Сирияга кетип, мекенине кайта албай жаткан жарандарынын алгачкы тобун учак менен алып келмей болуп жатат. Бул тууралуу 10-мартта парламенттин жалпы жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып юстиция министринин орун басары Марат Канулкулов билдирди.

Ал депутат Эрмамат Тагаевдин «Угушума караганда, жакында учак барып алып келет деген сөз бар. Ушу чынбы?» деген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Чын. Ооба. Өкмөттүн буйругу чыкты. Атайын делегация барат. Алып келишет, — деди ал.

Канулкуловдун айтымында, өкмөттүн жаңы кабыл алынган буйругунун негизинде жаза чарасы каржылык санкция түрүндөгү кыргызстандыктарга жардам берүүгө жол ачылууда. Себеби «өкмөт алардын айыппулун төлөө милдетин өзүнө алууда, андан кийин алар кайтарылат”.

Министрдин орун басары белгилегендей, Сирия жана Ирак менен Кыргызстандын ортосунда эркинен ажыратылган жарандарды өткөрүп берүү тууралуу макулдашуу жок, андыктан мындай жазасын мекенинде өтөө үчүн шарт түзүү азырынча мүмкүн эмес.

Количество просмотров: 397