Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстан Түркмөнстандан помидор импортун 11,4 миң тоннага чейин көбөйттү. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитетинин отчетунда айтылат, деп билдирет tazabek.kg сайты.
Экспорт орточо эсеп менен 6,6 миллион долларды (тоннасына 581 доллар) түздү. Былтыркыга салыштырганда продукциянын көлөмү дээрлик эки эсе өстү.
Түркмөнстандан жөнөтүлгөн продукция жергиликтүү рыноктун 74%ын ээлейт. Кыргызстанга Өзбекстандан, Ирандан, Казакстандан, Ооганстандан, Кытайдан, Тажикстандан жана Түркиядан аз өлчөмдөгү помидор да экспорттолот.