• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан Тажикстандын курама командасынан 1:0 эсебинде утулду

6 Аяк оона 20199:45 Бишкек Govori.TV

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарында  Кыргызстан курама командасы Тажикстанга 1:0 эсебинде утулду.

Беттеште тажик оюнчусу Алишер Жалилов топ киргизип, оюн 1:0 эсебинде тажик футболчуларынын пайдасына чечилди. Аталган беттеште Тажикстан менен Монголия 3төн упайга ээ болуп, тайпада алдыңкы орундарга чыгышты.

Белгилей кетсек, оюн Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өткөн.

Количество просмотров: 79