• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстан жана Италия ТИМ башчылары жолугушуу өткөрдү

24 Аяк оона 2021 18:28 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын аянтчасында Кыргызстан тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу пландарын талкуулашты. Министр Р.Казакбаев кесиптешин 5-ноябрда Бишкекте өтө турган «ЕБ-БA» Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин ачылышы оң маанайда белгиленди.

Тараптардын делегациясынын быйыл өтүүчү «Борбордук Азия — Италия» министрлеринин жолугушуусуна катышуу пландары талкууланды.

Количество просмотров: 155