• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кыргызстан ЖККУнун машыгууларын өткөрбөө чечими кабыл алды

10 Тогуздун айы 20229:32 Бишкек Govori.TV

«2022-жылдын октябрында Кыргызстандын аймагында өткөрүү мерчемделген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн «Бузулбас достук – 2022» командалык-штабдык машыгууларын өткөрбөө чечими кабыл алынды». Бул тууарлуу Коргоо министрлиги таркаткан маалыматта жазылган.

Маалыматка ылайык, машыгуулар 10-октябрдан 14-октябрга чейин болушу керек болчу.

Белгилей кетсек, 1992-жылы түзүлгөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус, Тажикстан жана Орусия кирет.

Количество просмотров: 85