«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азат Осмоналиевдин Govori. TVга билдиргенине караганда, милдеттүү камсыздандыруу айылда жашагандар үчүн 600 сом, шаарда жашагандар үчүн 1200 сомду түзөт.
Эгер турак-жайлары камсыздандырылып, кийин ар кандай табигый кырсыктарга дуушар болсо, мамлекеттик камсыздандыруу уюму алардын ар бирине 500 миң сомго чейин төлөп берет.
Жакында эле июль айында жүргөн селден улам үй-жайлары жарабай калган, буга чейин ошол үйлөрүн камсыздандырган Ош облусундагы Кара-Суу районунда жашаган 46 адам кайрылган. Алардын кайрылуусунун негизинде «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коому жалпысынан 6 млн. 600 сом төлөп берген.
Ал эми аз убакыт мурда Ысык-Көлдүн бир нече айылдарында жүргөн селде да көптөгөн адамдардын үй-жайлары жараксыз болуп калган. Алардан мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна үйлөрүн камсыздаган 11 гана адам кайрылганын Азат Осмоналиев билдирди.