Өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республика боюнча жалпы 172 билим берүү мекемеси каратинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Чүй облусунда – 32, Талас облусунда – 111, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 6, Ош облусунда – 12 жана Бишкек шаарында – 8.
Чүй облусу:
Талас облусу:
Жалал-Абад облусу:
Ош облусу – 12
Бишкек шаары – 8.
Министрликтен карантин учурунда окуу онлайн форматка өткөрүлөрүн кошумчалашты.
Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Жергиликтүү санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору карантинге жабуу тууралуу бүтүм чыгарган мектеп жана бала бакчалар гана карантинге жабылат.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 2 миң 357 жалпы билим берүү мекемеси бар.