• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда 2008 жеке менчик клиника лицензиясы жок иштейт

27 Аяк оона 202412:20 Бишкек Govori.TV

27-сентябрда “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Мекенчил” депутаттык тобунун фракциялык жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда 2008 жеке менчик клиникалар лицензиясы жок иштеп жатканын айтты. Министр алардын ишмердүүлүгүн токтото албайбыз жана текшере албайбыз деп кошумчалады.

«Биз көп жолу кайрылдык. Ишкердик субъекттерин текшерүүгө тыюу салуу жөнүндө президенттин жарлыгы бар. 2023-жылы жарлыкты бузуп, текшерүүлөрдү баштаганбыз. Анан биздин кызматкерлерди Башкы прокуратурага алып барып камап салышты, анткени текшерүүгө тыюу салган жарлык бар болчу. Биз дагы жаздык», — деди министр.

Ал депутаттарга өтүнүч менен кайрылып, «Эгерде текшерүү жүргүзүүгө уруксат берсеңер, бир айдын ичинде тартип орнотмокпуз. Аймактарда командалар бар, биз даярбыз”, — деди.

Количество просмотров: 136